• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Беловодское айылында жаңы жыл түнү үй-бүлөгө кол салышып, үч адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 02.01.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында белгисиз бирөөлөр жаңы жыл түнү үч адамды атып кетишкен. “Кабар” агенттигине ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү таңкы саат төрттө болгон.

Милициянын алдын ала берген маалыматына ылайык, белгисиз адамдар үйгө тоноо максатында келишкен, бирок үйдүн кожоюндары ойго болгондуктан, аларга ок чыгарышкан.

“Энеси менен кызы окуя болгон жерде каза болушкан. Конокко келген дагы бир эркек киши алган жаракаттан улам ооруканадан көз жумган”,-деп билдиришти ИИМден.

Окуя тууралуу толугураак маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын ИИМден кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий