• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бердаков: Акимдердин ротациясы – көп жылдар артка жылдырылып келген позитивдүү башталыш

Коом 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн райондорунун акимдерине ротация жүргүздү. Жарлыкта бул кызыкчылыктардын кагылышын жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишмердүүлүгүндөгү калыстыкты камсыз кылуу максатында жасалды деп жазылат.

Саясат таануучу Денис Бердаков бул кадам инфраструктуралык жана башкаруучулук сепаратизмге жакшы даба болот деп эсептейт.

“Бул көп жылдар бою артка жылдырылып келген позитивдүү башталыш. Биз ушул деңгээлдеги кызматкерлерди ротация кылбастан эле аймактардын байланыштары жөнүндө көп сөз кылып келебиз. Алар же коррупцияга аралашкан, же өнүгүү үчүн дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Аларда глобалдык көз караш жок. Ошондуктан азыр ротация болуп жатканы жакшы жышаан. Башкаруунун ушул деңгээлдеги кесипкөйлүгү болуп, тармак аз коррупциялашат. Ротациянын жогорулашы жана алардын деңгээли ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Акимдер өлкө боюнча көйгөйлөрдү жакшыраак түшүнө башташат. Ошондой эле бул аймактар үчүн да пайдалуу. Жаңы кызматкер өз жеринде иштебегендиктен натыйжага көрсөтүүгө аракет кылат”, - деди Бердаков.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий