• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бердымухамедов ашык азык-түлүктү чет өлкөлөргө сатууга буйрук берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Түркмөнстанда соода маселелери боюнча вице-премьер-министр Чары Гылыжов президент Гурбангулы Бердымухамедовго чакан жана орто бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана экспортко багытталган өндүрүштү кеңейтүү иштери тууралуу отчет берди.

ТДХ маалымат агенттиги билдиргендей, түркмөн президенти вице-премьер министрге атаандашууга жөндөмдүү өндүрүш үчүн инновациялык технологияларды киргизүүнү тапшырды.

Бердымухамедовдун пикиринде, тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтип, ашык азык-түлүк товарларын сатуу үчүн чет өлкөлүк каналдарды табуу керек.

Жолугушууда Түркмөнстанда азык-түлүктөрдүн кайсы түрү ашык экени айтылган эмес. Көз карандысыз басылмалар болсо акыркы жылдары өлкөдө ун, май, жумуртка, шекер, нан тартыш экенин кабарлап келишет.

Пикир

Оставить комментарий