• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөн президенти Бердымухамедов иттерге арналган жаңы китебин жазууга киришти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 16-майда кезектеги китебин жазууга киришти. Бул тууралуу «Нейтралдуу Түркмөнстан» гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, мамлекет башчынын бул жолку китеби алабай тукумундагы иттерге арналган. Ал күнү президент алабайдын жаңы туулган күчүктөрүн көрүп, «алардын өзгөчөлүктөрүнө жараша ар бирине ылакап аттарды койгон».

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, ошол эле маалда Ашхабад бийлиги шаар көчөлөрүндө ырайымсыздык менен жолбун иттерди кармоосун улантууда.

«14-майда чак түштө Гудан кичи районундагы бала бакчанын аймагында жаңы туулган күчүктөрү бар бир итти арматура менен сабап өлтүрүп, канжалаган боюнча жүктөп кетишти», — деп жазды басылма.

Күбөлөрдүн айтымында, бул окуя жергиликтүү тургундардын көзүнчө болгон. «Ит өтө көпкө каңшылады. Терезеден караган коңшу үйдүн тургундарынын эч кимиси кийлигишкен жок. Ал ит күчүктөрү менен эч кимге зыяны жок бала бакчада жашырынып жаткан», ؅— деди күбөлөрдүн бири.

Акыркы кездери Ашхабад көчөлөрүндө жолбун иттерди кармоо жана өлтүрүү көрүнүштөрү көп кездешүүдө.

Быйыл февралда президент Гурбангулы Бердымухамедов жолбун иттер үчүн атайын клиника ачуу тапшырмасын берип, «түркмөн эли үй жаныбарларына дайыма камкордук менен мамиле жасап келгенин» белгилеген. ​Бир жумадан кийин клиниканын курулушу үчүн акча топтоп жаткан Түркмөнстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдиги 62 миң доллар жыйналганын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий