• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана президент Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Рухий аруулук жана бийик адеп-ахлак сыяктуу адамзаттын улуу баалуулуктарынын маанисин чечмелеген бул ыйык майрам мындан ары дагы биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө, жалпы мусулман жамаатынын ортосундагы достук мамилени, өз ара колдоо менен тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө болоруна чын дилимден ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакты-таалай, бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, аманчылык жана өсүп- өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий