• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бердымухамедов менен Рахмон Кыргызстан элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Курман айт майрамына (Ид Аль-Адха Аль-Мубарак) байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорум менен эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Курман айт майрамы кылымдардан бери гуманизмдин жогорку руханий баалуулуктарын, боорукерлик менен кайрымдуулукту символдоштуруп келе жаткан эң сонун майрамдардын бири болуп саналат. Бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдерине чын дилимден ишенем», — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакты-таалай жана бардык иштери менен демилгелерине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтыкты, бакубаттыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Ошондой эле Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Ид аль-Адха берекелүү майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолор менен эң жакшы каалоолорду кабыл алууңузду өтүнөм.

Чын жүрөгүмдөн Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Сиздин өлкөнүн боордош элине тынчтык жана коопсуздук, туруктуу өсүп-өнүгүүнү каалайм.

Башаты жалпы адамзаттын моралдык жогорку баалуулуктарынын түпкүрүнөн алынган Аль-Адха кубанычтуу майрамынын эзелки салттары өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара колдоонун, ошондой эле биздин эки элдин достугунун мындан ары дагы бекемделишине түрткү берет.

Мындай жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаратман кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган кызматташууну Сиз менен биргеликте ар тараптан жылдырууга биздин туруктуу ниетибизди билдирем.

Бүгүнкү глобалдуу коркунучтар менен чакырыктарды ар-намысыбыз менен жеңип чыгарыбызга, мындан ары дагы ислам ааламынын байгерчилиги менен жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча асыл максаттарга жетишүүгө биргеликте аракет кылабыз деп ишенем», — деп айтылат Тажикстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий