• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бердымухамедов мунайгаз тармагына миллиарддаган каражат бөлүүнү убадалады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн мунайгаз тармагын колдоого ондогон миллиард доллар бөлүүнү убадалады. Дүйнөлүк баалардын төмөндөшү жана Орусиянын суроо-талабынын азайгандыгынан улам бул тармак акыркы жылдары кыйынчылыктарга дуушар болуп келет.

«Кийинки жети жыл ичинде 240 миллиард манат инвестиция салабыз. Анын ичинен мунайгаз комплексине 159 миллиард манат инвестицияланат», — деди Бердымухамедов.

Түркмөнстан жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2016-жылы Орусия түркмөн газын сатып алуудан баш тарткандан кийин өлкө Кытайга энергоресурстарды жеткирүүдөн көз каранды болуп калган.

Бердымухамедов көмүрсуутекке көз каранды болгон өлкө экономикасын диверсификациялоо үчүн жакынкы убакта электр менен жүргөн унааларды чыгара баштай турганын убадалады. Андан тышкары Сапармурат Ниязовдун тушунда киргизилген мамлекеттик субсидияларды жоюу менен өлкө кирешесин көбөйтүүгө ниеттенип жатканын айтты.

Ошондой эле Бердымухамедов мамлекеттик каражатты сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга мезгил жеткенин белгиледи. 1990-жылдары киргизилген субсидиялар өлкө калкына газды, сууну жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берген.

Пикир

Оставить комментарий