• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бердымухамедов Садыр Жапаровду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу, түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен Сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын.

Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.twitter sharing button

email sharing button

Пикир

Оставить комментарий