• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бердымухамедов жазында Ташкентке барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов быйыл жазында мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Түркмөнстандын Ташкенттеги элчиси Шири Шириев билдирди.

Анын айтымында, учурда тараптар эки өлкө лидеринин жолугушуусуна даярдык көрүлүүдө жана анда көптөгөн маанилүү маселелер көтөрүлөт.

«Быйыл президентибиз мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат. Анын жүрүшүндө көптөгөн маселелер көтөрүлөт. Азырынча күн тартиби белгисиз, бирок даярдалып жатат. Так датасын дагы айта албайм. Сапар жазында болушу мүмкүн», – деди элчи.

Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухамедов акыркы жолу былтыр сентябрда Ашхабадда жолугушкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий