• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бердымухамедов Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Сиздин 60 жаш мааракеңизге байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз.

Бүгүн, Сиздин жетекчилигиңизде Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү бара жатат. Биз, Түркмөнстанда, Сиздин өлкөлөрүбүз ортосундагы бир туугандык мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымыңызды жогору баалап, көп жылдык өз ара урматтоо, ишеним жана жакшы коңшулук салттарга таянган мындан аркы эки тараптуу кызматташууга үмүт артабыз. Бул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чын ниеттен бекем ден соолук, жеке бакты-таалай жана Сиздин жооптуу мамлекеттик кызматыңыз да Кыргыз Республикасынын бир тууган элинин жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий