• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бердымухамедов Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Эл аралык Нооруз майрамына байланыштуу Сизге жана Сиз аркылуу бүтүндөй бир тууган Кыргыз Республикасынын элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду жолдойм.

Тамыры кылымдардын кыртышына кеткен Нооруз майрамы меймандостук, чын ыкластуу коңшулук салттарын жана гуманизм принциптерин чагылдырган биздин элдердин руханий жана маданий дөөлөтү болуп саналат. Дүйнөлүк маданий байлыкка кирген бул жарык маанай майрам достукка жана биримдикке чакыруу менен адамзаттын улуу баалуулуктарын камтыйт.

Бул жаз жана жаңылануу майрамы Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакубаттык жана өсүп-өнүгүү менен коштолсун», - деп айтылат Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий