Бишкек. 31.12.18 /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Келе жаткан 2019-жыл менен менин чын жүрөктөн чыккан жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чың ден-соолук, зор бакыт-таалай жана баардык ишиңизге ийгиликтерди каалайм.
Жаңы жыл сиз үчүн жана бир тууган Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий