• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бердымухамедов жолбун жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жай ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаныбарлар үчүн “борборлоштурулган клиника” ачууну буюрду. Анын алкагында жолбун иттер үчүн атайын жай уюштурулат.

Мамлекеттик ММКлардын билдиришинче, медициналык мекеме өкмөттүн камкордугунда болуп, ага ишкерлер, жаныбарлардын укугун коргогон ыктыярчылар жардам көрсөтөт.

Буга чейин Ашхабадда жана Түркмөнстандын башка аймактарында жолбун жаныбарларды атуу өнөктүгү күч алганын, аларга катаал мамиле жасалып жатканы кабарлаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий