• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бердымухамедовдун уулу чоң атасынын атындагы медаль менен сыйланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.10.17 /Кабар/. Түркмөнстан президентинин атасы Мяликгулы Бердымухамедов атындагы медаль менен сыйлангандардын арасында өлкө башчынын уулу, майор Сердар Бердымухамедов дагы бар. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, президенттин уулу күч түзүмдөрүндө иштеген башка жумушчулар менен бирге «Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» сыйланды.

Мамлекеттик ТДХ агенттиги медал менен сыйлангандардын тизмесине Сердар Бердымухамедовду кошкон эмес. Айрым бейрасмий маалыматтар боюнча ал атасынын мураскерлигине даярдалууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы президенттин уулунун өлкө ишмерлери менен жолугушуулары мамлекеттик ММКларда кеңири чагылдырылып, акыркы кездери анын саясий активдүүлүгү байкалып жатканын жазды. «Фергана» агенттигинин маалыматы боюнча Сердар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу.

Сердар Бердымухамедов Орусия ТИМинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Кийин Түркмөнстан президентинин алдындагы Көмүрсуутек ресурстарын башкаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи кызматтарында иштеген. Андан тышкары ал өлкө парламентинин депутаты болуп дагы шайланган.

Мяликгулы Бердымухамедов атындагы медал ушул жылдын августунда негизделген. Сердардын чоң атасы кезинде мугалим жана түзөтүү мекемелеринин бөлүм башчысы болуп иштеген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий