• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бердымухаммедов Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик кеңешин түзүүнү сунуштады

Саясат 0

Ашхабад, 23.08.18 /Кабар/. Түркмөнстандын президенти ГГурбангулы Бердымухаммедов Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын консультативдик кеңешин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбэков менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда - эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн мүчөлөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан кеңейтилген отурумда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Түркмөнстан Борбор Азия районунда саясий сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматын түзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени койгон. Анда даярдоочу эксперттик жолугушуулар, тышкы иштер министрлеринин кеңешмелери, Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммиттерин камтыган үч баскычтуу өз ара аракеттешүү модели сунушталган.

“Эгер мындай тажрыйба өзүн позитивдүү тараптан көрсөтсө, келечекте Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын консультативдик кеңешин түзүү тууралуу ойлонсок болот”, - деди ал.

Түркмөн президентинин пикири боюнча, аймактык диалогдун мындай түрү керектүү саясий базаны камсыз кылуу менен бардык маселелерди эффективдүү чечкенге түрткү болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков учурда мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий