• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Береке алып келсин! Төрага Мамытов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талантбек Мамытов жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Урматтуу мусулман бир туугандар. Сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

«Урматтуу мекендештер!

Баардыгыңыздарды мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири – Курман айт менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.

Бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдерине чын дилимден ишенем

Бүгүнкү Курман айт майрамы ар бирибизди кайрымдуу болууга, курмандык чалып, жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасоого багыттайт. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, келечекке жакшы ниет кылууга үндөйт. Кылымдарды карыткан уюткулуу элибиздин уңгусун бекемдеп, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат.

Курман айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып келсин! Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде гүлдөп өнүгүү болсун".

Пикир

Оставить комментарий