• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Берилген тапшырманы аткарбагандыгы үчүн Исаков жарандык авиация Агенттигинин ишин сынга алды

Коом 0

Бишкек, 22.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков “Манас” жана “Ош” аэропортторунда биометрикалык паспортту окуй турган жабдыкты кандай гана болбосун орнотууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн өтүп жаткан Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүн алдындагы Кеңештин “КР туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү” VIII туристтик көчмө форумунун жүрүшүндө билдирди.

Жарандык авиация Агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдиргендей, процедуралык маселелерден улам керектүү жабдык быйыл алынып келинбейт. Анын айтымында, жабдыктын келүүсү 2018-жылдын январь же февраль айларында күтүүлүдө.

Бирок, өкмөт башчы таң калып, мындай келишим болбогондугун билдирди.

“Биз бир нече ай мурда төлөгөнбүз. Жабдык ушул жылдын аягына чейин орнотулушу керек. Мен эч нерсени билбейм. Мен түшүндүрүп кетейин. Кеп электрондук дарбаза жөнүндө жүрүп жатат, жарандар чет жактан кайтып келгенде кезекте туруунун кереги жок . Биометрикалык паспорту бар жаран бир нече секунддун ичинде паспорттук текшерүүдөн кыйынчылыксыз жана адамдын жардамысыз өтө алат. Бул “Таза коом” долбоорунун башталышы. Бул заманбап система. Аталган буйрукту мен бир нече ай мурда бергенмин. Менин түшүнүшүмчө кесиптештерим аткара албай жатышат. Акча төлөнгөн жана келишимге кол коюлган. Дагы эмне кылуу керек”,-деп таң калды Исаков.

Пикир

Оставить комментарий