• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Берлин шаарында "Кыргыз үйү" маданий борбору ачылды

Маданият 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. 14-январда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде "Кыргыз үйү" маданий борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий борборду ачуу идеясы мамлекет башчысынын колдоосуна алынып, КР президентинин Иш башкармалыгы тарабынан тийиштүү оңдоо иштери жүргүзүлгɵндɵн кийин ишке ашты.

Салтанаттуу иш-чарага Германиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери жана алдыңкы жаштары, ошондой эле Польшадагы кыргыз диаспоралык уюмунун ɵкʏлдɵрʏ келишти.

Элчи Өмүрбек Текебаев ɵз сɵзүндɵ Берлин шаарында ачылып жаткан бул кыргыз маданий борбору Германияда Кыргызстанды таанытуунун, кыргыз диаспора ɵкʏлдɵрʏнʏн жолугушууларын, иш-чараларын ɵткɵрʏп туруучу жана Германияда тɵрɵлʏп, ɵсʏп келе жаткан жаш кыргыз муундарынын кыргыз маданияты менен таанышып, кыргыз тилин ʏйрɵнɵ турган жайы болоорун белгилеп, андагы мекендештерди биримдикке, ынтымакка жана Кыргызстандын ɵнʏгʏшʏнɵ мындан ары да ɵз салымдарын кошууга чакырды.

Кечеге келген кыргыз диаспоралык уюмдардын ɵкʏлдɵрʏ ɵз уюмдарынын жасап жаткан иш-аракеттери жана келечекте жасала турган иш-чаралары тууралуу маалымат беришти жана мындай Кыргыз маданий борборунун тʏзʏлгɵндʏгʏнɵ абдан кубанышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Белгиленгендей, бʏгʏнкʏ кʏндɵ Германияда 10дон ашык кыргыз диаспора уюмдары бар жана алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга ɵз жардамдарын берип келе жатышат. Ошону менен бирге кыргыз диаспоралык уюмдар Германиядагы кыргыздарды биримдикке ʏндɵгɵн ар кандай биргелешкен майрамдык, маданий, билим берʏʏчʏ, спорттук иш-чараларды уюштуруп келишет.

Пикир

Оставить комментарий