• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Берлин университетинин Түрк таануу институтунун директору: Кыргызстанда табигат менен адамдын ишмердиги жуурулушуп турат

Президент 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарында Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясы өтүүдө. Анын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бул долбоордун Башкы катчысы, Берлин университетинин түрк таануу институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкеле өз сөзүндө кыргызстандыктарды, Президент Сооронбай Жээнбековду жана уюштуруучуларды бул эл аралык илимий жыйынды өткөрүүгө сарптаган убактысы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков бул эл аралык академиялык иш-чарага абдан көңүл буруп, чоң кызыгуусу менен катышуучуларга көрсөткөн колдоосу үчүн абдан ыраазыбыз», — деп белгиледи Барбара Кельнер-Хайнкеле.

Ал илимий чөйрө изилдөөлөрдүн ар түрдүү жыйынтыктарын бүт дүйнөдөн келген кесиптештери менен талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусунун маанисин белгиледи.

«Эң татаал электрондук жабдыктар дагы конференция тартуулаган жеке жолугушууларды алмаштыра албайт. Жеке таанышуу ишеним жана өз ара түшүнүшүү жаратат — бул биз таяна турган адамдык мамиле. Мен бул жолугушуу биздин кыргыз кесиптештерибиздин изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын, алардын академиялык максаттарын дагы ачыктайт деп күтөм. Кыргызстан анын бай жана ар түрдүү лингвистикалык, тарыхый, археологиялык жана антропологиялык мурасы менен сөзсүз түрдө өзүнүн академиялык ишин өнүктүрүүнү улантып, жаш илимпоздорду кубаттайт&raqu o;, — деп белгиледи уюмдун Башкы катчысы.

Ал Кыргызстандын жана Бишкек шаарынын жагымдуу аба-ырайы менен табигатын белгилеп, бул жерде табигат менен адамдын ишмердиги жуурулушуп, жашоочулары бакытка жана коопсуздукка татыктуу, деп айтты.

Ошондой эле Барбара Кельнер-Хайнкеле Ысык-Көлдө өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барышаарын өзгөчө белгиледи.

«Биз Көчмөндөр оюндарына бараарыбызга абдан кубанычтабыз жана мындай өзгөчө белекке ыраазыбыз. 60 жылдын ичинде биринчи жолу эл аралык конференциянын катышуучулары бир нече күнгө экскурсияга барып, кооз пейзаждарды көрүп, жарандар менен жакындан таанышып, бул өлкөнүн духун сезе алабыз. Илимий талкуу жана спорттун талаа түрлөрү биздин жолугушуунун борбордук темасы болгон „Алтай дүйнөсүндөгү кеңири тараган оюндар жана аларга байланышкан салт-санаалар“ деген ураандын алдында ширелишип, бириге алат», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Кыргызстан түндүктөн түштүккө жана батыштан чыгышка жана кайра өткөн жолдун кесилишинде жайгашканын белгиледи. Бул жолдордун кесилиши орто кылымдабы, монгол мезгилиндеби же жакын арада өткөн мезгилде болобу — дайым бул аймактын тагдырына байланышкан.

«ХХ жана ХХI кылымдарда биз жолдордун бул кесилишинин өзгөчөлүгүн мындан да даана көрүп жатабыз. Бул Кыргызстан жана Борбор Азиянын эл аралык мамилелердеги абдан маанилүү оюнчулар болгондугунун бир себеби. Кандай себептен улам бул факт чечимдерди кабыл алгын эл аралык адамдар тарабынан ачыгыраак моюнга алынбаганы мен үчүн кызык. Бул жагдай алтай жаатында изилдөөлөр абдан маанилүү жана жүргүзүлүшү керек деген себептердин бири болуп эсептелет», — деп белгиледи Берлин университетинин Түрк таануу инст итутунун директору Барбара Кельнер-Хайнкеле жана сөзүн жыйынтыктап, баарына жемиштүү жолугушууларды каалады.

Пикир

Оставить комментарий