• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Берлинде “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн алкагында кыргыз маданий кечеси өттү

Коом 0

Бишкек, 01.04.23. /Кабар/. Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Германиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Willkommen in Berlin" ("Берлинге кош келиңиздер") клубу менен биргеликте кыргыз маданий кечесин уюштурду.

КР ТИМден билдиришкендей, кече Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (Naturschutzbund Deutschland-NABU) “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн алкагында болду.

Иш-чарага “Wilkommen in Berlin” клубунун “Элчиликтер жана резиденциялар” тобунун мүчөлөрү, Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев конокторго куттуктоо сөзүн сүйлөп, жогоруда аталган клубдун “Элчиликтер жана резиденциялар” тобунун жетекчиси Тоне Корссунд-Айхингерге бул кечени чогуу өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи мындай кечелерди Германияда өткөрүү немис калкынын Кыргызстан менен жакындан таанышуусуна, эки өлкөнүн маданиятын жана элдерин жакындаштырууга жардам бере аларын белгиледи.

Кеченин жүрүшүндө конокторго Кыргызстан жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, немис жана кыргыз музыканттарынын жана артисттеринин аткаруусунда классикалык музыкалык номерлер тартууланды.

NABUнун өкүлү Екатерина Ковтун кеченин конокторуна ак илбирсти жана жапайы жаратылышты коргоо боюнча Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан NABU долбоору тууралуу кеңири маалымат берди, ошондой эле элчиликте NABUнун “Ак илбирсти экспедициясы” көргөзмөсүнө экскурсия өткөрдү. Бул көргөзмөнүн алкагында дагы бир кезектеги иш-чара болду.

Кеченин коноктору кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татып, жылуу жана достук маанайда ɵз ара баарлаша алышты.

Пикир

Оставить комментарий