• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Германияда Чыңгыз Айтматовдун немис тилиндеги «Жамийла» повестинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Берлиндеги Шенхаузен сарайында белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Германиядагы белгилүү иллюстратор Кат Меншиктин иллюстрациясындагы немис тилиндеги «Жамийла» повестинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бет ачарга белгилүү немис адабият таануучусу, журналист Ирмтрауд Гучке, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлү, ошондой эле Германиядагы Ч. Айтматовдун чыгармаларынын окурмандары жана күйөрмандары катышты.

Кеченин жүрүшүндө «Жамийла» повестинен үзүндү окулуп, бул чыгарманын каармандарынын жашоосу темасында талкуу болду. Ч. Айтматовдун дүйнөгө таанымал «Жамийла» чыгармасы К. Меншиктин жаңы иллюстрацияларында ачык түскө боелуп, кеченин коноктору өздөрүнүн жагымдуу пикирлери менен бөлүштү. Иш-чарага германиялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышты.

Пикир

Оставить комментарий