• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Берлинде кезектеги кыргыз-герман ТИМдер аралык консультациясы өттү

Саясат 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстан жана ФРГ ТИМдеринин ортосунда кезектеги саясий кеңешмелери КР тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев жетектеген кыргыз делегациясынын катышуусунда өттү. Герман делегациясын ФРГ ТИМинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Андреас Пешке баштаган. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташуусунун маселелерин тармагын талкуулашып, эки жактуу алакалардын ийгиликтүү өнүгүшүнө канааттануу билдиришти. Делегация башчыларынын Кыргызстан жана Германиянын ортосундагы кызматташуулардын бардык багыттарында, айрыкча, экономикалык кызматташууда пикирлери бир чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашуулар болду.

Бул кыргыз-герман ТИМдер аралык кеңешмелер кыргыз-герман мамилелеринин 25 жылдыгын белгилөө жылында өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман ТИМдер аралык кеңешмелеринин Кыргызстан менен Германиянын көп жактуу кызматташуусун өнүктүрүүнү шарттаган ишин улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий