• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Берлинде КР менен NABU`нун ортосундагы мындан аркы кызматташтык талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. 30-мартта Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапарынын алкагында Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, NABU кызматкерлери Биримдиктин эл аралык деңгээлдеги жана түздөн-түз Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу кыскача баяндама жасашты.

Руслан Казакбаев Кыргызстан жаратылышты, курчап турган чөйрөнү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, учурда өтүп жаткан «Берлиндеги энергетикалык диалог» эл аралык конференциясында энергетиканы трансформациялоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланганын баса белгиледи.

Министр NABU`нун Кыргызстандагы жаратылышты коргоого, ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка түрлөрүн, биоартүрдүүлүктү, климатты коргоого жана мөңгүлөрдү сактоого багытталган жигердүү узак мөөнөттүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал NABU`га ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборун, ошондой эле Кемин районундагы Экологиялык билим берүү борборунун курулушу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын расмий ачылыш аземи 2022-жылдын июнь айына пландаштырылган.

"Реабилитациялык борбор жаныбарларды сактоо боюнча бирден-бир борбор болуп калат жана өз кезегинде экологиялык билим берүү жаратылышты сактоодо жана аны сыйлоодо маанилүү роль ойнойт", - деди министр.

Лайф Миллер Кыргызстанда экология маселеси боюнча Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин студенттери арасында сабактар ​​үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын айтты.

Маектештин көңүлүн БУУнун 2021-жылы КРнын демилгеси менен кабыл алынган "Жаратылыш чек араны билбейт: Трансчек аралык кызматташтык – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору" резолюциясына буруп, министр бул багытта NABU менен кызматташууну сунуштады.

Мындан тышкары, алар менен мындан аркы кызматташуу пландарын талкуулашты.

Лайф Миллер NABU менен КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ортосунда кызматташуу боюнча жаңы меморандумду түзүүгө кызыкдар экенин белгилеп, 2022-жылы браконьерликке каршы кеңсеси Жалал-Абаддагы "БАРС-2" атайын тобун түзүү жөнүндө маалымат берди.

Маалымат үчүн: NABU Германиядагы эң ири коомдук экологиялык уюм болуп саналат, анын өлкөлөр боюнча 800 миңден ашуун мүчөлөрү жана ар кайсы континенттерде филиалдары бар.

Пикир

Оставить комментарий