• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кечээ, 16-ноябрь күнү Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин статс-катчысы Норберт Бартл менен онлайн форматында жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Абдылдаев биздин өлкөдөгү ички саясий туруктуулук, демократиялык процесстер жана социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө маалымат берип, COVID-19 каршы күрөштө Германиянын Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда каржылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу багыт катары ишке ашырылып жаткан эки долбоор - “Экономиканы туруктуу өнүктүрүү” жана “Саламаттыкты сактоо” долбоорлору жемиштүү болуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткандыгы белгиленген. Ошондой эле кыргыз-герман кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн абалы жана келечеги, карызды конверсиялоону ишке ашыруу, өкмөттөр аралык кеңешмелерди өткөрүү, Германия тараптын биздин мамлекетке мындан ары колдоо көрсөтүүсү, анын ичинде коронавируска каршы күрөштө колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий