• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Берлинде "Жашыл Борбор Азия" конференциясы болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кечээ, 28-январь күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Берлинде өткөн "Жашыл Борбор Азия" конференциясына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Конференциянын ишине Германиянын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын тышкы иштер министрлери, Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Ж. Боррель жана Германиянын тышкы иштер министрлигинин башка өкүлдөрү катышкан.

Жыйында Германиянын федералдык тышкы иштер министри Х.Маас сөз сүйлөп, климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч-аракеттеринин биригүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Конференциянын жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Айдарбеков баяндама менен чыгып сүйлөгөн. Өз сөзүндө ал, Германия тараптын демилгесинин алкагында каралып жаткан маселелердин маанилүүлүгүн жана алар Борбор Азия аймагында актуалдуу экенин белгилеген.

Аны менен бирге министр климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өткөн. Анткени, ал суу ресурстарынын негизги булагы болуп саналган мөңгүлөрдүн эришине алып келүүсү мүмкүн. Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча Германиянын тышкы иштер министрлигинин жаңы демилгесинин алкагында Кыргызстан аймакта конструктивдүү кызматташтыкка даяр экендигин билдирген.

Ошондой эле ал, өлкөдөгү уран калдык сактагычтары менен байланышкан учурдагы тобокелдиктер тууралуу сөз кылып, алардын бузулушу аймакта экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Министр климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, Германиянын тышкы иштер министрлигинин "Жашыл Борбор Азия" демилгесинин алкагында Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлор комплекстүү жана натыйжалуу ишке ашырыларына үмүт артарын билдирген.

"Конференциянын жыйынтыгы боюнча "Жашыл Борбор Азия" демилгесинин алкагында, Германиянын, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Афганистандын ортосунда Борбор Азиядагы жана Афганистандагы климат жана коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Германия тышкы иштер министрлигинин "Жашыл Борбор Азия" демилгеси Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында ишке ашырылат. Демилге климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, айлана-чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо маселелерин камтыйт. Демилгеге Германия, Борбор Азия өлкөлөрү жана Афганистан катышууда.

Пикир

Оставить комментарий