• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Берлиндеги ITBBerlin туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын 15 туроператору катышты

Коом 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Берлинде 2018-жылдын 7-11-мартында өткөн ITBBerlin туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын атынан 15 туроператор катышты.

АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, беш күн созулган иш чарада 10 миңден ашуун ишкана жана 186 өлкө өздөрүнүн туристтик сунуштарын көргөзмөнүн зияратчыларына жана потенциалдуу кардарларга көрсөтүшүп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) өлкөдө туризмди өнүктүрүү аракетинде Кыргызстандын делегациясы үчүн көргөзмөдө орун ырастоо боюнча уюштуруу иштерин алып барды.

Белгиленгендей, буга чейинки көргөзмөлөрдө болгондой эле кыргыз боз үйү иш-чарага келген көптөгөн эл аралык туризм тармагындагы өнөктөштөрдүн жана потенциалдуу саякатчыларды Кыргызстандык стендке тартты. Анда зияратчылар шырдакка оймо киргизилип жатканын көрүшүп, кыргыз фольклор музыканттары аткарган улуттук күүлөрдүн коштоосунда, боорсок менен кымыздын даамын татышты.

“Бул көргөзмө потенциалдуу кардарлар менен өнөктөштүк келишимдерди түзүү үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк тузүп берет. Биз туристтерди Кыргызстанга маданий жана салттардын ар түрдүүлүгү, уникалдуу жаратылышыбыз жана нукуралык тартаарын билебиз, мына ошондуктан биздин стендибиздин көркүн “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоору тиккен нукура жана абдан кооз боз үйүбүз ачып турат”, - деди Kyrgyz Concept ишканасынын президенти Эмиль Үмөталиев.

Кыргыз туроператорлор миңден ашуун потенциалдуу жана учурда иштешип жаткан өнөктөштөр менен жолугушуп, келаткан жакынкы айларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында 114 потенциалдуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.

Белгилей кетсек, өзгөчө жыйын учурунда Дүйнөлүк окуялуу туризм ассоциациясынын жетекчиси Крис Дойл USAIDтинчакыруусумененКыргызстанда болуп келгендиги тууралуу айтып берди. Аталган уюмдун Кыргызстанга келип кетиши кыргызстандык жаңы жана өнүгүп келаткан Travel Land аттуу туроператордун Голандиялык туроператор менен кызматташуу келишими түзүлгөнүнө түрткү болду.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоору туризм, тигүү өнөр жайы жана курулуш материалдар тармагындагы экономикалык секторлордо иш алып барган ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталгандолбоор.Анын бюджети 20 миллион АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий