• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Беш айда мигранттар Кыргызстанга 615 млн доллар которгон

Экономика 0

Бишкек, 27-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2017-жылдын беш айында мигранттар Кыргызстанга 615 млн доллардан ашык каражат которгонун Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, январь-апрель айларында которулган каражаттын көлөмү 615,19 млн долларды түзгөн. Өткөн жылы бул сумма 445 млн доллар болчу.

“Менин пикиримде бул биздин жарандардын экономикалык-социалдык маселсин чечүүдө чоң жардам болот. Ошондой эле, бул ЕАЭБдин өлкөлөрүндө абал туруктуу экенинен кабар берет”-деди ал

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Санкт-Петербургдагы метродогу жарылууга Кыргызстанда төрөлгөн Россиянын жараны күнөөлүү экени аныкталгандан кийин, Россиялыктар кыргыздарга жаман мамиле жасап баштады деген маалымат чындыкка коошпойт деди.

“Бул жөн эле чагым. Биз Россиядагы бир топ кыргыз жарандары менен сүйлөштүк, бирок бул далилденген жок”,-дейт Айдаралиев.

Пикир

Оставить комментарий