• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Беш айда токой чарба тармагында 124 мыйзам бузуу фактысы катталган

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. 2022-жылы 5 айында токой чарбалардын токой коргоо жана сактоо кызматкерлери тарабынан 124 мыйзам бузуу фактылары катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 2 млн 109 миң 500 сомду түзгөн.

Айыл чарба министрлигинин Токой кызматынын маалыматы боюнча, анын ичинен келтирилген зыяндардын 1 млн 409 миң 900 сомдук материал өндүрүлүп, өнүмдүүлүк 66% түздү.

Белгиленгендей, быйыл мыйзам бузуу фактылары 2021-жылдын 5 айына салыштырмалуу 54% аз катталган.

Пикир

Оставить комментарий