• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Беш акын” теледолбоорунун 5-чи кечесинин жеңүүчүсү Мелис Мамажанов болду

Маданият 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. ТҮРКСОЙ тарабынан демилгеленген “Беш акын” теледолбоорунун 30 жашка чейинки жаш акындар арасындагы таймашында жаш акын Мелис Мамажанов жеңүүчү деп табылды. Бул тууралу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин кабарлады.

К.Култегиндин айтуусунда, “Беш акын” теледолбоорунун Бешинчи кечесине жаш акындар Мырзайым Айтимбетова, Рыскүл Изатова, Мелис Мамажанов, Чолпон Орозалиева, Бекболот Сарыбаевдер күч сынашкан. Тактап айтканда, жаш акындар, биринчи тапшырма боюнча, өздөрү эң мыкты деп эсептеген экиден ырын окушуп, экинчи тапшырма боюнча, Алтай эл акыны Борис Укачиндин ырын кыргыз тилине которушкан. Үчүнчү тапшырма боюнча, алардын музыкага салынган бирден ыры ырчылар тарабынан аткарылып, төртүнчү тапшырма боюнча, жаш акындар ыр жазгандан башка өнөрүн көрсөтүшкөн. Бешинчи тапшырма боюнча, суроого жооп берип, сыясы кургай элек бирден ырын окушкан.

Жаш акындар күч сынашкан бул адабий-музыкалуу кече курч атаандаштыкта, жандуу жана кызыктуу өттү. Кечеде ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси, акын Гидаят Оруджев сөз сүйлөштү.

Кеченин экинчи бөлүгүндө ТҮРКСОЙ тарабынан демилгеленип, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана ЭлТР мамлекеттик телерадио берүүлөр компаниясы тарабынан колдоого алынган “Беш акын” теледолбоорунун экинчи айлампасы жыйынтыкталды да, жеңүүчү деп табылган беш акын – Гүлжамила Шакирова, Салтанат Орозобекова, Майрамбек Токторов. Умар Нусубалиев жана Мелис Мамажанов ТҮРКСОЙдун Жусуп Баласагын медалы, плакет, 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатынын сертификаты менен сыйланышты. ТҮРКСОЙдун Жусуп Баласагын медалы ошондой эле акын Жыпар Арыковага, калыстар тобунун мүчөсү , композитор Каныкей Эралиевага тапшырылды. Сыйлыкты ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов тапшырды.

Бир катар катышуучулар Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жана ЭлТРдин атайын сыйлыктарына ээ болду.

Ошентин “Беш акын” теледолбоорунун экинчи айлампасы соңуна чыкты. Теледолбоордун биринчи айлампасы 2015-жылы КТРК менен биргеликте өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий