• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Беш акын” теледолбоорунун төртүнчү кечесинде акын Умар Нусувалиев жеңишке ээ болду

Маданият 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. 30-40 жаш ортосундагы акындар таймашкан “Беш акын” теледолбоорунун төртүнчү кечесинде акын Умар Нусувалиев калыстардын эң көп упайына ээ болуу менен – жеңүүчү деп табылды. Бул тууралу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин билдирди.

Анын айтуусунда акындар биринчи тапшырма боюнча, өздөрү эң мыкты деп эсептеген экиден ырын окушту, экинчи тапшырма боюнча, Балкар эл акыны, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси Кайсын Кулиевдин ырын кыргыз тилине которушту, үчүнчү тапшырма боюнча, алардын музыкага салынган бирден ыры ырчылар тарабынан аткарылды, төртүнчү тапшырма боюнча, катышуучу акындар ыр жазгандан башка өнөрүн көрсөтүштү, бешинчи тапшырма боюнча, суроого жооп берип, сыясы кургай элек бирден ырын окушту.

Кечени адаттагыдай эле ЭлТРдин кызматкери Айбек Асанбек уулу алып барды. Акындар Афина Бакирова, Сагынбүбү Беркиналиева, Кутмырза Жакыбалиев, Гүлзина Мыйзамбекова, Умар Нусувалиев катышкан бул адабий-музыкалуу кече өзгөчө чыгармачылык изденүүлөр менен, курч атаандаштыкта, жандуу жана кызыктуу өттү. Айрыкча Афина Бакированын таамай саптары, Сагынбүбү Беркиналиеванын “Калина” ырын аткаруусу, Кутмырза Жакыбалиевдин сүрөтчүлүк өнөрү, Гүлзина Мыйзамбекованын чачтарачтык чеберчилиги, Умар Нусувалиевдин комуз да чертип, домбура да чертип ырдаган ырлары, тамашалуу саптары залды жарган кол чабуулар менен коштолду.

Кыргыз акындарынын бул кечесинде уйгур жазуучусу Нурания Камбарова куттук сөз сүйлөдү жана Каныкей Эралиева, Майрамбек Осмонов, Максат Кулуев баштаган белгилүү ырчылар көрүүчүлөргө музыкалык саламжолдошту.

ТҮРКСОЙ тарабынан демилгеленип, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана ЭлТР мамлекеттик телерадио берүүлөр компаниясы тарабынан колдоого алынган “Беш акын” теледолбоорунун бул экинчи айлампасы үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Эми эң соңку – бешинчи кечеде 30 жашка чейинки акындар таймашат жана кеченин соңунда жалпы “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземиболот..

“Беш акын” теледолбоорунун биринчи айлампасы 2015-жылы КТРК менен биргеликте өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий