• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беш-алты гана мамлекеттик ишкана таза киреше алып келет - Б.Казаков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Жыл өткөн сайын мамлекеттик ишканалардын кирешеси төмөндөөдө. Мисалы, 2012-жылы алардан 2 млрд 200 млн сом киреше алынса, ал 2016-жылы 901 млн сомду гана түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков КСДП парламенттик фракциясында «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору каралып жатканда билдиргендигин ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

ММФ башчысынын айтымында, эки жылдан бери жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик мүлктү башкарууну реформалоонун экинчи этабынын алкагында, «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү демилгеси сунушталууда. «Мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун Директорлор кеӊешинде биздин өкүлдөрүбүз бар, тилекке каршы, натыйжалуу иштей албай жатат. Алар ошол жерден маяна алгандыктан, компанияларга көзкаранды», - дейт ал.

«Ушу тапта 1130 мамлекеттик ишкана болсо, анын 166сы иштей турганы, анын ичинде, 5-6 ишкана гана таза киреше алып келет. ММФ карамагындагы мамлекеттин үлүшү бар 68 акционердик коомдун 38 компаниясы гана иштейт, калгандары иштебейт же жоюлуу абалында турат. Алардын баары тармактык министрликтердин түзүмүнө кирип алган. Ошондуктан, алардын жетекчилерин ошолор сунуштайт», - дейт Болсунбек Казаков.

Андан сырткары, акционердик коомдор коммерциялык ишканалар болуп саналгандыктан, Өкмөт аларды министрликтердин түзүмүнө чыгарып, жаӊыдан түзүлө турган Улуттук холдингдин түзүмүндөгү ишканаларга айландыруу чечимине келгени белгилүү болду. «Эки жыл мурда түзүлгөн Улуттук энерго холдинг кыйда натыйжалуу иштей баштады. Демек, Улуттук холдингдин ишканалары да ошондой иштеп кетет деген ишенимде турабыз», - дейт ММФ жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий