• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Беш бармак менен чучук – ШКУ саммитине келген конокторго кандай тамактар берилет?

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун конокторуна чучук, беш бармак, боорсок менен кымыз берилет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын Иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев билдирди.

Ал менюну түзүүдө коноктордун пикири да эске алынарын белгиледи.

"Маселен, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди – вегетарианец. Ага жараша, биз да бул жагдайды эске алдык. Улуттук тамак-аштардан башка конокторго европа ашканасынын тамактары берилет", - деди ал.

Анын айтымында, ашпозчулардын баары Кыргызстандан болушат.

Пикир

Оставить комментарий