• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Беш гранттык орун. Казакстанда акысыз билим алууга сынак жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлдү. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерди жана адистиктерди өзү тандайт.

Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.

Сынакка катышууну үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  • Арыз;
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);
  • Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;
  • ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;
  • Флюорография;
  • Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  • Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
  • Соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Тапшырылуучу документтер жогоруда келтирилген иретте файлдык папкага чогултулушу керек.

Сынакка төмөнкү жетишендиктеги талапкерлер киргизилет:

Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;

Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.

Толук эмес же документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген билдирмелер каралбайт.

Документтер Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257 (220-кабинет). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин. Тел: 0 (312) 62 15 19.

Пикир

Оставить комментарий