• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Беш-Күңгөйдө эски кийимди өрттөөдөн төрт турак үй толугу менен күйүп кетти — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан төрт турак үй өрттөндү.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 14:27де бир бөлүм, буга кошумча саат 15:41де дагы бир бөлүм тартылган.

“Айылдагы төрт турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп жатканда андан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, үйлөргө өткөн.

Пикир

Оставить комментарий