• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Беш-Күңгөйдөгү милиция бөлүмүнүн имаратын өрттөн кетишти

Коом 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кой-Таш айылында агрессивдүү адамдар унаалардын терезелерин сындырып, Беш-Күңгөйдүн милиция бөлүмүн өрттөп салган. Бул тууралуу Чүй облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 8-август күнү милиция кызматкерлери Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында коомдук тартипти камсыз кылышкан.

Бирок, ага карабастан агрессивдүү топ, коомдук тартипти бузуу менен айылда токтоп турган унааларды талкалап, Беш-Күңгөй айылынын айылдык милиция бөлүмүн өрттөгөн.

Учурда келтирилген чыгым такталууда. Жеринде Аламүдүн районунун ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.

Азыр да коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында укук коргоо органдары иш алып барууда. Жеринде калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий