Беш-Күңгөйдөгү обсервацияда бир адам каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Беш-Күңгөй айылындагы обсервацияда бир адам каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган обсервацияга жалпы 31 киши жаткырылган. Баарынын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий