• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Беш күн катары менен Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Боом капчыгайында 18-октябрдан 22-октябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылып, жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Ал эми 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий