• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Беш компания Бишкекте стадион курууга кызыкдар экендигин билдирди

Спорт 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине Бишкекте футбол талаасын куруу иштерине катышуу тууралуу беш сунуш келип түштү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, (ФИФА) Эл аралык футбол Федерациясынын талаптарына жооп берген көп функционалдуу комплексти курууда спонсор болууга беш компания даярдыгын билдирди.

“Ушул жумада жаңы стадионду куруу боюнча кызыкдар тараптардын жолугушуусу өтөт”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий