• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Беш миңден ашуун кыргызстандык акысыз кесиптик билим алышты

Коом 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Беш миңден ашуун кыргызстандык акысыз кесиптик билим алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттүү окутуу курстары (4,5 ай) Кыргызстандын бардык аймактарындагы кесиптик лицейдин базасында уюштурулган. Жарандар тоо-кен, туризм, транспорт, энергетика, байланыш, айыл-чарба, балык уулоо, информациялык технология, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы тармагы боюнча билим алышты.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Жөндөмдөрдү өнүктүрүү фондунун ишердүүлүгү алкагында жыл башынан бери жалпы 5220 адам кыска мөөнөттүү окутуудан өттү. Алардын дээрлик 45%ы аялдар жана кыз-келиндер. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны – 300.

Окутуудан өткөн адамдардын 74%ы жумуш менен камсыз болушту.

Жөндөмдөрдү өнүктүрүү фондунун негизги өнөктөштөрү “Манас” эл аралык аэропорту, “Кант цемент заводу” ААК, “Кайыңды- Кант” ААК, “Кыргызнефтегаз” ААК, Токтогул, Камбар-Ата ГЭСтери, Кыргызстандын ашпозчулар жана туризм ассоциациялары.

Пикир

Оставить комментарий