• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Беш-Теке жайлоосунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Беш-Теке жайлоосунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июнда саат 19:00дөр чамасында 14 жаштагы өспүрүм Тоскоол-Ата токой чарбасынан Беш-Теке жайлоосуна кошуналары менен жолугушууга чыгып, дайынсыз жоголгон. Куткаруучулардын издөө иштери жыйынтык берген эмес.

“Кечээ, 8-июлда жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн сөөгүн табышкан. Сөөктү алып келүүгө куткаруучулар жана 3 милиция кызматкери жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий