• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бешик боосу бекем болсун! Бишкекте салмагы 6 кг болгон ымыркай жарык дүйнөгө келди

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Бишкектеги №1 төрөт үйүндө салмагы 6 кг 230 грамм, бою 58 см болгон ымыркай (эркек) жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ымыркай кесарево жолу менен төрөлгөн.

“Жаңы төрөлгөн ымыркай үй-бүлөдөгү 5чи бала. Дордой жаңы конушунда жашашат. Энесинин абалы жакшы”, -деп билдирди Асылбашева.

Пикир

Оставить комментарий