• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бешимов: Өзүбүздүн күчүбүзгө гана ишенишибиз керек

Коом 0

Бишкек, 07.05.21 /Кабар/. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя ар кайсы деңгээлде дагы көпкө чейин талкууланат. Азыр башкы милдет - чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жоюу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл. Ошентип, 7-майда ЖККУнун өкүлдөрүнөн, андан тышкары россиялык жана кыргызстандык экспеттердин катышуусунда “Баткен-2021: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек?” аттуу тегерек стол өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын процессору Аскар Бешимов Кыргызстанда ЖККУнун өзөгүн Россия түзүп, ал эми бул уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы аймактык коопсуздуктун кепили ЖККУ өзү болуп эсептелгендей кырдаал түзүлдү деп билдирди.

“ЖККУ тоскоолдук кылат, ага расмий түрдө кайрылуу керек деп эч ким күткөн эмес. Биз бул маселе жеринде талкууланат деп ойлогонбуз. Бири экинчисин басып алып жатса тынчтыкка чакырабыз дешкенден башка эч нерсе кылышкан жок. Азыр бул терең формалдашкан уюм жана өзүбүздүн күчүбүзгө гана ишениш керек экен деген түшүнүк пайда болду. ЖККУ аскердик аракеттерди токтотуу боюнча өзүнүн кайрылуусу менен чыкса болмок. Азыр болуп өткөн окуяны БУУнун эксперттери баалап жатат. Биз тарап бардык келишимдерге таянган жана ачык агрессия болбойт деп үмүт кылган. Бизде Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда жаңжал болгон 2012-жылдагыга окшош сценарий бар болчу”, - деди Бешимов.

Ал ошондой эле, Кыргызстан үчүн бул сабак болгонун жана уюмдарга ишеним артпаш керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий