• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдарында милиция эл менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Лейлек районунун Маргун, Бешкент айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери жолукту 1 жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын берди. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жыйналышка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, элдин социалдык жактан маселелерин укту.

"Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иш-чараларын такай өткөрүшүп, эл менен тыгыз байланышта болду. Ошентсе да укук бузуулар, орун алган кылмыштар өз убагында катталып, мыйзам чегинде жазалар кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Лейлек районунун борборунан 80-90км алыстыкта жайгашкан бул айыл аймактарындагы жарандарга жеңилдиктерди түзүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде барып, элдин көйгөйлөрүн кабыл алып келет.

Милициянын отчетун уккан эл негизинен Маргун айылындагы талаада жүргөн мал уурулук көйгөй жаратканын белгилешти. Ал эми Бешкент айылынын жашоочулары жол коопсуздугу боюнча суроолорду бериди.

Жыйынга катышкан Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары Аскарали Мухамадиев, коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Исматилла Айжигитов, Лейлек РИИБнин начальниги Болот Кундузовтор элдин көйгөйлүү суроолорун угушуп, алардын ар бирине жооп беришти.

Белгиленгендей, Маргун айылында талаадан жоголгон малдар табылып, бүгүнкү күндө бети ачылбай калган фактылар жок.

Жыйналышта Лейлек районунун Маргун, Бешкент айыл аймактарында жашаган калк арасында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн алып барган кызматын туура багытта деп баалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий