• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БГУда бош орундар жарманкеси өттү

Билим 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Бүгүн, 11-майда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек шаардык башкармалыгы менен биргеликте республикалык деңгээлдеги “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси”, “Ачык эшик күнү” өттү. Бул тууралуу БГУнун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, иш чарага иш берүүчүлөр жана Бишкек шаарынын кызыкдар тараптары катышышкан.

Иш чаранын максаты студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү натыйжалуу ишке орношууга үйрөтүү болуп саналат.

Ошондой эле, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо максатында компьютердик тест алынды.

Тесттен Бишкек шаарынын орто билим берүүчү 10 мектебинин 250 окуучусу өттү.

Иш чарага КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, БГУнун ректору Абдылда Мусаев, ошондой эле, 60тан ашуун жумуш берүүчү уюм, мекеме жана ишканалар, чет жакта ишке орноштуруу лизенциялары бар (Түркия, БАЭ, Германия ж.б.) жеке агенттиктер катышышты.

Министр Таалайгүл Исакунова мындай иш чаралар жаш муундарга ийгиликтүү ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий