• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Би-Би-Си «Киргизиянын» ордуна «Кыргызстан» деген атты колдонуп баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. Би-Би-Си медиакорпорациясынын орус кызматы өз макалалардында постсоветтик айрым өлкөлөрдүн аттарын өзгөртөт. Белоруссия Беларусь, Киргизия - Кыргызстан, Туркмения - Туркменистан, Молдавия – Молдова болуп өзгөртөт. Бул тууралуу кызматтын редактору Фамиль Исмайлов билдирди.

Ал өз блогунда бул тандоо боюнча талаш көптөн бери болуп келгенин белгилеген. Советтер Союзу ыдырагандан кийин мурдагы айрым республикалар, азыркы көз карандысыз өлкөлөр аттарын өзгөртүшкөн.

«Биз макалаларыбызда совет окуу китептеринде жазылып калган орусча кеңири колдонулган аттарды пайдаланып келгенбиз. Өлкөлөрдүн эски жана жаңы аттары бирдей колдонулуп жаткан маалда “дайыма ушундай жазып келгенбиз” деген аргумент бара-бара алсыз болуп калды. Мамлекеттердин жаңы аттары расмий документтердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдардын бөлүгү болгон мезгил келди. Издөө системасында да колдонуучулар жаңы аттарга артыкчылык беришүүдө», - деп түшүндүрдү редактор.

Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын расмий түрдөгү кыскартылышы. Конституциянын кыргыз жана орус редакцияларында өлкө Кыргызстан деп көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда орус ММКлары көбүнчө Киргизия деген атты колдонушат.

Пикир

Оставить комментарий