• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Би-би-синин кызматкери түз эфирде ачык кадрлары бар кино көрүшкөн

Дүйнө 0


БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Би-би-си каналынын кызматкери жаңылыктардын түз эфиринде көрүп жаткан кино кызуу талкууну жаратты. Ал көрүп жаткан жылаңач аялдын кадрларын андан башка дагы 3,8 миллион телекөрүүчү көргөн деп жазат “Daily Mail”.

Басылманын билдиришинче, наушник тагынган киши жаңылыктарды алып барган диктордун артында компютерден жылаңач аялдын кадрлары бар кино көрүп отурган. Көрүүчүлөргө ал кишинин монитору даана көрүнүп турган.

Гезиттин билдиришинче, дүйшөмбү күнү кечинде түз эфирдеги жаңылыктардын бул чыгарылышын болжолу менен 3,8 миллион телекөрүүчү көргөн. Окуя социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында кызуу талкууну жараткан. Телеканалдан бул окуяны иликтейбиз деп билдиришкен.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий