• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

BIF2017 Бишкек инвестициялык форумуна даярдык башталды

Экономика 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. BIF2017 Бишкек инвестициялык форумуна даярдык башталды. Бул тууралуу JIA Жаш ишкерлер Ассоциациясы социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Алардын маалыматына ылайык,жыл сайын өткөрүлүүчү форум 2017-жылдын декабрь айынын биринчи бөлүгүндө өткөрүлүүсү күтүлүүдө.
Учурда BIF – ишкерлер менен потенциалдуу инвесторлордун жолугуша турган Кыргызстандагы эң ири жана натыйжалуу бизнес аянтчасы болуп эсептелет. 2015-жылы өткөн алгачкы BIF2015 форумунун жыйынтыктарына жараша, 10дон ашуун компания арасында жалпы суммасы 750 000 АКШ долларынан ашуун суммадагы макулдашуулар түзүлгөн. Ал эми BIF2016 форумунда 3 млн. доллардан ашуун суммага 5тен ашуун макулдашуу түзүлгөн. Бул жылы иштеп жаткан орто жана ири ишканалар менен бирге старт-ап долбоорлорду дагы катыштыруу көздөлүүдө.

“Аймактардагы ишкерлерди колдоо жана ишкердикти өнүктүрүү максатында, форум алкагында уюштурулуп жаткан “Бизнес-план жазуу” аттуу тренингдери аркылуу окутуп-үйрөтүү программасы пландалууда. Ишкерлерге сапаттуу бизнес-долбоор жазууну үйрөтүүгө багытталган бул программа “Форумга чейин” деп аталган этапта өткөрүлөт. Окутуу жыйынтыктарынын натыйжаларына жараша, долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын категорияларына дал келген долбоорлор автоматтык түрдө BIF2017 каталогуна киргизилет. Демек, сиздин долбооруңузга жалгыз гана форум учурунда эмес, форумдан кийин дагы керектүү каржылоого ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү көбөйүүдө”, - деп айтылат маалыматта.


“Бизнес-план жазуу” тренингине катышуу үчүн 28-октябрга чейин долбооруңуздун Паспортун атайын бекитилген формага ылайык даярдап, bif.forum@gmail.com электрондук почтасы аркылуу жиберүүңүз керек. Перспективдүү бизнес жана старт-ап долбоорлорун сунуштаган ишкерлер тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Финансист, экономист жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия бизнес долбоорлорду кылдаттык менен текшерип, тренингдердин катышуучуларын аныктайт.
Катышуучуларга 8 тема боюнча бири-бири менен логикалык байланышта болгон 2 тренинг уюштурулат (4 тема камтыган ар бир тренинг 2 күн болот). Бардык тренингдер ар бир катышуучунун бизнесин өнүктүрүү менен бирге ишкердик жана инвстиция тууралуу жеке өзүлөрүнүн көз-караштарын кеңейте алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна багытталган.
Тренингде бериле турган темалар бизнес-пландын негизги бөлүктөрү тууралуу болот.
Биринчи тренингдин темалары:
- HR менеджмент;
- Маркетинг стратегиясы;
- Операциялык менеджмент;
- Бизнес-пландоого кириш;
Биринчи күнү максатталган ишкерлер тобу жогоруда саналган темаларды алат. Ал эми экинчи күнү сунган долбоорунун үстүндө практикалык түрдө иштейт.
Экинчи тренингдин темалары:
-Учурдагы ишмердүүлүгүнүн каржы анализи жана каржылык пландоо;
- Натыйжалуу инвестициялык билдирме (заявка) даярдоо тууралуу;
- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу;
- Кредитор/инвестор менен келишим түзүү.

Тренинг бизнес долбоорлордун жана ишкерлердин билим сапатын камсыздоону максат кылгандыктан, катышуучулардын саны чектелүү болот жана жалаң гана преспективдүү жана сапаттуу даярдалган долбоорлор каралат.

Толук маалымат үчүн төмөндөгү сурап-билүү телефонуна кайрылсаңыз болот: +996 701 44 88 22, 0779 04 09 27.

Пикир

Оставить комментарий