• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бийбосунов Екатеринбургда РФ ТИМ өкүлчүлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына катышты

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кечээ, 19-октябрда Екатеринбург шаарында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлчүлүктүн мааракесине арналган кечеге Россия президентинин Урал федералдык округундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Владимир Якушев, Свердлов облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Шмыков, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын, Урал федералдык округунун субъектилеринин өкүлдөрү, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилери жана башка коноктор катышты.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин жана анын башчысы Александр Харловду жылуу куттуктап, кыргыз-орус Тышкы иштер министрликтери аралык ѳз ара аракеттешүү, региондор аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды жана кѳп жылдык жемиштүү кызматташтыкты ѳнүктүрүүгѳ кошкон салым үчүн Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды, россиялык дипломаттарга мындан аркы иштерине ийгилик каалоо менен, Кыргызстандын Башкы консулдугунун атынан кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгегин тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий