• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бийик максаттарга жетүүнү каалайм. Акылбек Жапаров адвокаттарды куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адвокаттарды (жактоочуларды) кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу Адвокаттар!

Кыргызстанда адвокат кесибине 97 жыл толду. Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз адвокатурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.

Дал ушул Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин РСФСРдин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 1-мартындагы № 45 токтому менен 3 адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.

Азыркы мезгилде адвокаттардан жарандардын арасында укуктук туура аң-сезимди калыптандыруу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнү, инсандык сапаттарын өстүрүүнү, юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууну гана эмес, ошондой эле жеке кайраттуулукту да талап кылат. Адвокат болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймык жана жоопкерчилик.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстанда адвокаттын статусун жогорулатуу максатында КРнын Адвокаттар (жактоочулар) күнүн кесиптик майрам катары жыл сайын 1-мартта белгилөө жөнүндө КР министрлер кабинетинин токтомуна 2022-жылдын 28-февралында кол койдум.

Сиздерди министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – КРнын Адвокаттар (жактоочулар) күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздерге бардык бийик максаттарга жетүүнү жана ийгиликтерди каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий