• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/. Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында 4-августтан тартта Кыргызгидрометтин жана ӨКМнин кызматкерлери биргеликте Чүй жана Ош облусу боюнча жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

​Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук району боюнча 4 көл, Панфилов району боюнча 3 көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча 5 көл изилденди.

Нөлдүк изотерма бүгүнкү күндө деңиз деңгээлинен 4148 метр бийиктикте болууда. Быйыл нөлдүк изотерманын төмөн болгондугуна байланыштуу көлдөрдөгү суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк жана азыркы учурда изилденген жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалы стабилдүү.

Пикир

Оставить комментарий